Япония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет

Япония Кыргызстанга автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү үчүн 533 миллион иенага заманбап жол куруу техникасын берет. Тиешелүү гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатка ылайык, кайтарымсыз жардамдын алкагында жогорку технологиялуу жана көп функциялуу жол куруу техникаларын — жол фрезаларын, жол катмарын бекемдөөчү стабилизаторлорду жана катокторду сатып алуу каралган. Техниканын жалпы наркы 533 миллион япон иенасын же болжол менен 3,49 миллион долларды түзөт.
Документте белгиленгендей, жол тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — автомобиль жолдорун оңдоо жана тейлөө үчүн заманбап техниканын жетишсиздиги. Бул маселе өзгөчө өлкө аймагы аркылуу өткөн эл аралык транспорттук коридорлордо курч сезилүүдө.
Негиздеме-маалымкатта келтирилген маалыматтарга ылайык, жол тармагында колдонулуп жаткан техниканын 35 пайызынын пайдалануу мөөнөтү аяктаган жана запастык бөлүктөрү жок болгондуктан, аларды калыбына келтирүүгө же оңдоого мүмкүн эмес. Ошол эле учурда жол тармагынын иш жүзүндөгү муктаждыгы 2 миңден ашык техника бирдигин түзөт.
Жол бөлүмдөрүнүн техникалык жактан жетишсиз камсыздалышы оңдоо иштеринин сапатына жана ыкчамдыгына терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, өлкөнүн татаал тоолуу рельефи, автомобиль кыймылынын көбөйүшү, жолдорду модернизациялоо зарылдыгы жана жер көчкү, жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучу да абалды оорлотууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаңы техникалар жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо иштерин тездетүүгө, чыгымдарды кыскартууга жана жол катмарынын сапатын жогорулатууга жардам берет деп күтүп жатат.
Япониянын гранттык жардамынын алкагында жол куруу техникасынын үч түрүн сатып алуу каралган.
Жол фрезалары эскирген жана бузулган асфальт катмарын алып салуу үчүн колдонулат. Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, Кыргызстанда керектүү техниканын жоктугунан улам жолдордун бузулган бөлүктөрүнө бир нече жолу жаңы асфальт төшөлүп келген. Натыйжада айрым жерлерде асфальт катмарынын калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен.
Заманбап жол фрезаларын колдонуу эскирген асфальт катмарын алып салууга жана жолдун негизин кийинки оңдоо иштерине сапаттуу даярдоого шарт түзөт. Документте туурасы 2 метр болгон фрезалар жумуштун аткарылуу мөөнөтүн кыйла кыскартары өзүнчө белгиленген.
Жол стабилизаторлору жолдун негизин бекемдөө үчүн пайдаланылат. Аларды колдонуу жол катмарынын узак мөөнөткө чыдамдуу болушуна жана тез-тез оңдоо зарылдыгын азайтууга жардам берет.
Катоктор болсо автомобиль жолдорун курууда жана оңдоодо жол материалдарын тыгыздоо үчүн колдонулат.
Жардам Япониянын Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында кайтарымсыз негизде көрсөтүлөт. Программа Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) катышуусунда ишке ашырылат. Гранттык макулдашууга ылайык, сатып алуулар анда каралган агент аркылуу япон тарап белгилеген жол-жоболордун негизинде уюштурулат.