Чүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылган

13.10.2026 | 12:32
Чүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылган — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева Чүй облусундагы жетим жана кароосуз калган балдардын мектеп-интернатында 14 жаштагы өспүрүм сабалгандан кийин, компетенттүү органдарды балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүүгө чакырды.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү саат 23:00 чамасында интернаттын тарбиялануучуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Жабырлануучунун айтымында, алгач ага башка бир бала кысым көрсөтүп, андан кийин сөз талашып жаткан учурда 16 жаштагы өспүрүм аны бир нече жолу урган.

Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Институттун кызматкерлери 28-сентябрда мектеп-интернатка барышкан. Текшерүү учурунда жабыркаган бала мекеменин медициналык изоляторунда (стационарында) болгон.

Баланы кароо учурунда анын бетинде жана эки көзүнүн тегерегинде көгөргөн тактар (гематома), көздөрүнүн кызарганы жана башка дене жаракаттары аныкталган. Өспүрүм ошондой эле көрүүсү начарлап кеткенине даттанган.

Акыйкатчы институту бала сабалгандан кийин медициналык кароодон өткөрүү жана жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн ооруканага өз убагында жеткирилбегенин аныктаган. Анын жаракаттарына жөн гана маз сүйкөп коюшкан.

Мындан тышкары, окуя болгон түнү эркек балдардын жатаканасында нөөмөтчү тарбиячылар жана тарбиячылардын жардамчылары (нянялар) болгон эмес. Кийинки күнү интернаттын жетекчилиги сабоо фактысы боюнча ички иштер органдарына кабарлаган эмес.

Мекеменин директору милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тарбиячыларга сөгүш жарыяланганын, ал эми 16 жаштагы өспүрүм мектеп ичиндеги каттоого алынганын билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, акыркы убакта интернаттан мыйзам бузуулар жана окуялар тууралуу эч кандай маалымат түшкөн эмес. Ошол эле учурда эки тарбиялануучу мекемеден бир нече жолу өз билемдик менен качып кеткендиги үчүн каттоодо турат.

Джамиля Джаманбаева компетенттүү органдарга кайрылып, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле балдар арасындагы буллингдин (зомбулуктун) жана зомбулук аракеттеринин алдын алууну күчөтүүгө чакырды.

Учурда № 9 мектеп-интернатында (сыйымдуулугу 100 орунга эсептелген) 88 бала жашайт. Алардын 56сы эркек бала жана 32си кыз. Тарбиялануучулардын ичинен 25и тоголок жетим, алтоо бир ата-энелүү, дагы 57си ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.

Scroll to Top