«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видеоКыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон аштыТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту
Үч айда Кыргызстанга 3,3 млн киши кирсе, анын жарымы туристтер
12.07.2024 | 11:44
2024-жылдын биринчи кварталында (январь-март) Кыргызстанга 3,3 миллион киши кирди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев билдирди.
Анын ичинен 1,6 миллион киши турист катары келишкен.
Максат Усубалиевдин айтымында, жыл санап Кыргызстанды көрүүгө жана эс алууга келген чет элдиктердин агымы көбөйүүдө.
2022-жылы жылы өлкөгө кирген 10,6 миллион адамдын 6,5 миллиону турист болсо, былтыры 14 миллиондун 8,5 миллиону саякаттоо максатында келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика