Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга иш сапары менен келди
31.08.2026 | 10:08

30-августун кечинде Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан КРдин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.
Во Тхи Ань Суан Бишкекке «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келди.

Тосуп алуу учурунда Вьетнамдын вице-президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат