Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келди
31.08.2026 | 17:40

Бүгүн, 31-августта, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ал «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Эрдоганды жана анын жубайы Эмине Эрдоганды «Манас» эл аралык аэропортунан КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Ошондой эле аларга Кыргызстандын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон илбирстин оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата саммит өтөт. Жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган убакта өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат