Сом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар
Ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыздын көбү Оштун мугалимдеринен келди
19.01.2024 | 09:10
325 мугалим ыктыярдуу түрдө аттестациядан өтүүгө арызын берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, айрыкча Ош облусунун мугалимдери өзүнүн кесиптик деңгээлин текшерүүгө даяр. Бул аймактан 96 педагог сынактан өтүүгө макул, Жалал-Абад облусунан – 56, Ысык-Көл облусунан – 43, Нарын облусунан – 30, Талас облусунан – 29, Баткен облусунан – 26, Чүй облусунан – 17, Ош шаарынан – 17, Бишкек шаарынан — 11 арыз түштү.
Белгилесек, аттестация ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
Көз карандысыз аттестациянын жыйынтыгы категория ыйгаруу же ыйгарбоо маселесине гана тийиштүү жана мугалимдин ишинин башка аспектилерине таасир этпейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом