Ысык-Көл: Маданият үйүнөн 2 млн сомдон ашык акча өөнөгөндөр табылды

Ысык-Көл: Маданият үйүнөн 2 млн сомдон ашык акча өөнөгөндөр табылды

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүүдө, Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орунду маданият үйүнүн имаратын курууда Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен алдын-ала макулдашууга барып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендиги аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2 млн 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ал имарат былтыр, 2021-жылы  28-март күнү ачылган. Ага бир катар аткамнерлерлер катышкан эле…

 

Тоң районунда маданият үйү ачылды

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>