Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөт

16-октябрда Каракол шаарында «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка ачылат. Аны «Стрит-гудит» көчө фотографтарынын коомчулугу уюштурду. Көргөзмөдө өлкөнүн ар кайсы шаарларынан келген 50дөн ашык автордун эмгектери көрсөтүлөт. Алар кесипкөй фотографтар же сүрөтчүлөр эмес, көпчүлүгү сүрөттөрдү телефонго тартышкан. Алар адатта открыткаларга түшпөй калган көрүнүштөрдү чагылдырышат.
Көргөзмөнүн негизги суроосу — эмнени искусство деп эсептөөгө болот жана аны жаратууга кимдин укугу бар? Уюштуруучулардын пикиринде, фотоискусство кооз жерлерди, архитектуралык эстеликтерди жана жаратылыш көрүнүштөрүн тартуу менен гана чектелбейт. Искусствого болгон укук да, шаарга болгон укук сыяктуу эле, ар бир адамга таандык. Көрүүчүлөр көргөн эмгектерин искусство деп эсептейби же жокпу, өз пикирин билдире алышат. Бул үчүн добуш берүү үкөктөрү коюлуп, жыйынтыгы көргөзмөнүн акыркы күнү жарыяланат.
Катышууга арыздар 27-сентябрга чейин кабыл алынган. Каалаган адам катыша алган: көркөм билимдин, кесипкөй техниканын же көргөзмөлөргө катышуу тажрыйбасынын болушу талап кылынган эмес. Кыргыз, орус жана англис тилдериндеги сүрөттөр, фоторепортаждар, видеолор, инсталляциялар, перформанстар жана фотозин