ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырды

Ирандын өзөктүк инфраструктурасына жасалган соккулардын кесепеттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Москвада ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун биргелешкен конференциясында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларына туруксуздук очокторунун жакындашы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда.
Масадыков Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы кырдаал АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешүү узакка созулуп жатканын жана мезгил-мезгили менен куралдуу кагылышуулар болуп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.
«Аймактык туруктуулуктун бузулушу жана экстремисттик, террористтик көрүнүштөрдүн күчөшү менен катар, Ирандын өзөктүк инфраструктурасынын объектилерине, анын ичинде Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) кепилдиктери астында турган объектилерге жасалган соккулар өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Алардын кесепеттери Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна жана бакубаттуулугуна өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деди ЖККУнун башкы катчысы.
Ушуга байланыштуу ал жарандык, өнөр жай, транспорт жана энергетикалык объектилерди, анын ичинде өнүгүп жаткан өзөктүк инфраструктураны коргоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Борбор Азиядагы чек ара маселелерин жөнгө салуу
Борбор Азиядагы кырдаал тууралуу сөз кылып жатып, Масадыков аймактагы мамлекеттердин ортосундагы мамилелерде оң өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.
Ал 2025-жылдын 13-мартында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын, ошондой эле 2025-жылдын 31-мартында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишкен жери жөнүндө келишим түзүлгөнүн эске салды.
Анын айтымында, бул макулдашуулар аймактык туруктуулукту чыңдоого жана көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара талаштарын жөнгө салууга өбөлгө түзөт.
Ошол эле учурда ЖККУнун башкы катчысы Борбор Азиядагы суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесине көңүл бурду. Ал бул жаатта макулдашылган чечимдердин жоктугу мамлекеттер ортосундагы жаңжалдарга себеп болушу мүмкүн экенин эскертти.
Ооганстандын коопсуздугу жана ЖККУ, КМШ менен ШКУнун кызматташтыгы
Масадыков Ооганстандагы кырдаалга да өзгөчө көңүл буруп, ал Борбор Азиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.
Анын айтымында, Ооганстандын бийлиги өлкөнүн аймагына көзөмөлдү күчөткөнүнө карабастан, айрым аймактарда терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана куралдуу кагылышуулар коркунучу сакталып калууда.
ЖККУнун артыкчылыктуу багыттарынын бири — Тажикстан менен Ооганстандын чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу.
Масадыков Тажикстанга жеткирүү пландалып жаткан курал-жарактардын, аскердик техниканын жана чек араны кайтаруучу техникалык каражаттардын тизмеси макулдашылганын билдирди. Учурда келишимдерди түзүү жана мүлктү өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, ЖККУ, КМШ жана ШКУ Ооганстандын аймагынан келип чыккан коркунучтарга биргелешип каршы туруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.
ЖККУнун башкы катчысы кызыкдар мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды ЖККУ менен өнөктөш же байкоочу макамында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга да чакырды.