Кыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыргыз Республикасынын авиакомпаниялары үчүн «Boeing» учактарын сатып алуу жана жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Маселе бүгүн, 19-октябрда, Самарканд шаарында КРдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен «Boeing» корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабелдин жолугушуусунда талкууланды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жолугушуу «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жыйынынын алкагында өткөн. Анда тараптар жарандык авиация жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү, коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууну жана АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын (EXIM Bank) катышуусу менен каржылоо шарттарын карашкан.
Ошондой эле учактарды техникалык жактан тейлөө жана өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүү багыттарына көңүл бурулган.
Эске салсак, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстанга келери, анын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери менен жолугары жана С5+1» форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышары айтылган. Рубио менен бирге 200дөн ашуун бизнес өкүлдөрүнөн турган америкалык соода делегациясы келери маалымдалган.