Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — Джаманбаева

Кыргызстанда онкологиялык бейтаптар орундардын жетишсиздигинен химиотерапияны отуруп алууга мажбур болууда, ал эми нур терапиясы үчүн керектүү жабдуулар иштебей турат. Ошол эле учурда онкологиялык ооруларды дарылоого зарыл болгон каражаттан дээрлик алты эсе аз акча бөлүнгөн. Бул тууралуу акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Жогорку Кеңеште 2025-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасын сунуштап жатып билдирди.
Анын айтымында, Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторинг өлкөдөгү онкологиялык жардам көрсөтүү системасында олуттуу көйгөйлөр бар экенин аныктаган. Бул тармакка 4 миллиард 500 миллион сом талап кылынса, иш жүзүндө болгону 800 миллион сом бөлүнгөн. Демек, онкологиялык ооруларды дарылоого 3 миллиард 700 миллион сом жетишпейт.
Каржылоонун тартыштыгы дарылоонун дээрлик бардык баскычтарына таасирин тийгизүүдө. Өлкөдө нур терапиясы үчүн жети аппарат керек болсо, учурда экөө гана бар. Бирок алардын экөө тең техникалык себептерден улам иштебей турат. Ошондой эле бейтаптарды текшерүүгө зарыл болгон маммографтар жана УЗИ аппараттары жетишсиз.
Дары-дармек маселесинде да абал оор. Акыйкатчынын маалыматына ылайык, онкологиялык жардам көрсөтүү системасында 80 аталыштагы дары-дармек жетишпейт. Ал эми балдар үчүн өтө маанилүү болгон препараттарга болгон муктаждык болгону 1,6% каржыланган.
Адистердин жетишсиздигинен Улуттук онкология борборунун кызматкерлерине түшкөн жумуш көлөмү белгиленген ченемден эки эсе ашкан. Бейтаптар үчүн орундар да жетишсиз болгондуктан, айрымдары химиотерапияны отурган абалда алууга аргасыз.
«Мындай системалуу мүчүлүштүктөр жарандардын ден соолукка болгон укугун бузуп, өлүм көрсөткүчүнүн өсүшүнө түз себеп болууда», — деди Джамиля Джаманбаева.
Акыйкатчы Кыргызстандагы психиатриялык жардам көрсөтүү тармагындагы абалга да көңүл бурду. Мониторингдин жыйынтыгында бул тармакта да имараттардын жана инфраструктуранын эскириши, ресурстардын жана дары-дармектердин жетишсиздиги аныкталган.
Джаманбаеванын белгилешинче, мындай көйгөйлөр бейтаптардын тийиштүү деңгээлде медициналык жардам алуу укугуна терс таасирин тийгизүүдө.