Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу маалыматты билим берүү министрлиги ырастады.
Бала курдаштары жана мугалимдери менен чырдашкан эмес.
«Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган», — дейт министрлик.
Облустук ички иштер министрлигинин Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, окуучунун апасы чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Ал айылда атасы менен жашап келген.
«Бала 20-февраль күнү өз үйүндө асынып алган абалда табылган. Суициддин себеби такталууда», — дейт милиция.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз