АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды
27.02.2024 | 13:59
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу маалыматты билим берүү министрлиги ырастады.
Бала курдаштары жана мугалимдери менен чырдашкан эмес.
“Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган”, – дейт министрлик.
Облустук ички иштер министрлигинин Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, окуучунун апасы чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Ал айылда атасы менен жашап келген.
“Бала 20-февраль күнү өз үйүндө асынып алган абалда табылган. Суициддин себеби такталууда”, – дейт милиция.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом