Ысык-Көлдө балык уулоо үчүн төлөмдөрдү төмөндөтүү каралууда

29.06.2026 | 14:26
Ысык-Көлдө балык уулоо үчүн төлөмдөрдү төмөндөтүү каралууда — Новости Кыргызстана

Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү азайтууну караган токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ өлкө башчы Садыр Жапаровдун балыкчылар менен жолугушуусунда берген тапшырмасынын негизинде даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Долбоордо Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн төлөмдүн баасын бир суткага 313 сом, эки суткага 463 сом жана үч суткага 613 сом өлчөмүндө белгилөө сунушталган. Ал эми Ысык-Көл жилингири балыгын уулоо үчүн бир суткага 363 сом, эки суткага 563 сом жана үч суткага 763 сом төлөө демилгеленди.

Бул өзгөртүүлөр балык уулоо тармагынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жаңы тарифтер токтом долбоору кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет. Учурда документ мамлекеттик органдардын макулдашуусуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдө машыгып жатып, балыкчыларга жолугуп калган. Анда алар президентке балык уулоо тарифтери абдан кымбат болуп жатканын айтып, даттанышкан. Аларды уккандайн кийин Жапаров телефон чалуу жасап, тарифтерди азайтуу тапшырмасын берген.

Scroll to Top