Кыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр Жапаров
Ысык-Атада 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды
29.06.2026 | 15:06

Кыргызстандын Башкы прокуратура Чүйдүн Ысык-Ата районунда баасы 20 млн сомду түзгөн бала бакча мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Ысык-Ата районунун прокуратурасы Үч-Эмчек айылындагы бала бакчанын имаратын жана ага таандык жер тилкесин текшерген. Анын жүрүшүндө аталган объект 1992-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткени аныкталган.
Прокурордук чаралардын натыйжасында бала бакчанын имараты жер тилкеси менен кошо мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Теги: Башкы прокуратура, Ысык-Ата району