КР ИИМдин курсанттарына почерк таануу экспертизасынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти

КР Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери ички иштер органдарынын болочок кызматкерлери үчүн лекция өткөрүштү.
Курсанттарга Почерк таануу экспертизалары башкармалыгынын жетектөөчү эксперти Бексултан Кубанычбеков жана аталган башкармалыктын башкы эксперти Малика Мажиева маалымат берип, кылмыштардын бетин ачууда, кылмыш иштерин тергөөдө жана сот чечимдерин кабыл алууда эксперттик изилдөөлөрдүн ролу тууралуу айтып беришти.

Адистер почерк таануу экспертизасынын мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.
«Курсанттар кол тамгалардын жана кол жазмалардын аныктыгы кантип такталарын, документтерди жасалмалоо белгилери кантип аныкталарын жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тергөөгө болгон окуянын объективдүү сүрөттөлүшүн калыбына келтирүүгө кандайча жардам берерин биле алышты», — деп айтылат Соттук-эксперттик кызматтын басма сөз кызматынын маалыматында.
Жолугушуунун жүрүшүндө угармандар тергөөнүн ар кандай этаптарында тергөөчүлөр менен соттук эксперттердин өз ара кызматташуусу боюнча да суроолорун беришти.

Кызматтан белгилешкендей, мындай иш-чаралар укук коргоо органдарынын болочок кызматкерлерине соттук экспертизанын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө жана өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө эксперттик изилдөөлөрдү натыйжалуу колдонууга жардам берет.