Ысык-Көлдө балык уулоо учурунда бир нече браконьер кармалды (видео)

Ысык-Көлдө балык уулоо учурунда бир нече браконьер кармалды (видео)

Тоң районунун аймагында 18-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан сууларда эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелерин сактоо максатында рейддик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштеринин жүрүшүндө, Бөкөнбаев айылына жакын жердеги «Рыбзавод» участкасынан туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери бир чакырымдай узундуктагы 10 браконьерлик торлорду алууга үлгүрүштү.

Мындан тышкары, ушул эле участкадан мыйзамсыз балык уулоо учурунда Төрт-Күл айылынын 40 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну кармалды. Андан 1 резина кайык, жалпы узундугу 350 метрди түзгөн 6 даана балык уулоочу тор жана 16 даана «Чабак» балыгы алынды.

Аталган факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын дагы бир тобу Жети-Өгүз районунун аймагында рейд жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Тосор айылынын жанынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен жергиликтүү тургундар 40 жаштагы К.Э. жана 35 жаштагы О.Т. кармашты. Алардан резина кайыгы жана мыйзамсыз  кармашкан, 87 даана «Чабак» балыгы алынды.

Бул факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Материалдык зыянды аныктоо максатында чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: браконьер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>