КРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулду
Бүгүн, 4-ноябрда, Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулду. Бул заманбап технология жүрөк ритминин бузулушун дарылайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Операция «Электродсуз кардиостимуляция технологиялары» аттуу конференциянын жана мастер-класстын алкагында жүргүзүлгөн. Ага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Жорж Помпиду атындагы Европа ооруканасынын (HEGP–AP-HP) профессору Элуа Марижон катышкан. Имлантациялоо процесси мастер-класстын катышуучуларына рентгеноперациялык бөлмөдөн түз көрсөтүлүп берилген.
Иш-чарага Франциянын Кыргызстандагы элчиси Никола Фай, «Abbott» компаниясынын өкүлдөрү жана кардиолог-аритмологдор катышкан. Анда бир камералуу AVEIR™ VR жана эки камералуу AVEIR™ DR электродсуз кардиостимуляция системалары тааныштырылган.
Электродсуз кардиостимулятор деген эмне?
Электродсуз кардиостимулятор — кан тамыр аркылуу жүрөккө имплантациялануучу түзмөк. Салттуу кардиостимуляторлордон айырмаланып, мындай технологияда кан тамырлардын ичине электроддор коюлбайт. Ошондой эле аппаратты жайгаштыруу үчүн теринин алдынан орун даярдоо талап кылынбайт.
Мындан тышкары, жаңы технологиянын төмөндөгүдөй артыкчылыктары бар:
- электроддордун жоктугу алардын жабыркашы же сынып кетүү тобокелдигин алдын алат;
- аппаратты теринин алдына жайгаштыруунун зарылдыгы болбогондуктан, инфекциялык жана жарааттык татаалдашуулардын чыгуу коркунучу төмөндөйт;
- веналары бүтөлүп калган же веналык байланышы чектелген, салттуу кардиостимуляторлорду орнотууга мүмкүн болбогон бейтаптарга колдонууга жол ачат.



