Криштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияландыУлуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которотЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөтМанас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылды
Алдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
05.11.2026 | 16:23

Алдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, кармалган жаран автоунааны сатып алуу-сатуу келишимин түзүү шылтоосу менен жабырлануучуну алдап, акчасын ээлеп алууга айыпталган. Бирок ал жаза жоопкерчилигинен качуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.
Экстрадициялоо Башкы прокуратура менен Грузиянын тиешелүү органдарынын кызматташуусунун негизинде аткарылган. Айыпталуучу Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда алынып келинип, тергөө абагына киргизилген.
Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен качып, чет өлкөлөрдө жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо иштерин улантып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар