Кыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияландыУлуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которотЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөтМанас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылдыКыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталууда
ЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөт
05.11.2026 | 15:44

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү долбоору үчүн 370 миң 509 доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу КРдин Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бүгүн, 5-ноябрда, Аймактык өнөр жайды өнүктүрүү форумунун алкагында аталган долбоорду каржылоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган. Келишим БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) катышуусунда түзүлгөн. Иш-чарага айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев катышкан.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын эсебинен агроазык-түлүк паркын түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалат жана өнүктүрүү модели аныкталат. Ошондой элеинвестицияларды тартуу стратегиясы иштелип чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги, ЕӨБ