Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылды

05.11.2026 | 15:05
В городе Манасе открыли завод по производству металлоконструкций — Новости Кыргызстана
Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу «Металлстрой» заводу ачылды — иллюстрация
Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу «Металлстрой» заводу ачылды — контекст события
Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу «Металлстрой» заводу ачылды — фото 4
Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу «Металлстрой» заводу ачылды — фото 5

Бүгүн, 5-ноябрда, Жалал-Абад облусунун Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу «Металлстрой» заводу ишке кирди. Заводдун ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Өкмөттүн маалыматында, ишкананы курууга 2,5 млн доллар өлчөмүндө жеке инвестиция жумшалган. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү жабдуулар орнотулган. Ошондой эле ишканада 50 жумуш орду түзүлүп, биринчи жылы 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө өлкөдө курулуш тармагы тез өнүгүп, курулуш материалдарына жана металл конструкцияларына болгон суроо-талап өсүп жатканын билдирген.

«Мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө өбөлгө болот», — деген ал.

Ошондой эле өкмөт башчы жаңы завод өндүрүштү кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө салым кошорун кошумчалаган.

Scroll to Top