22-июлда Кыргызстанда нөшөрлүү жаан-чачын жана күн күркүрөшү күтүлөт

22.07.2026 | 09:00
22-июлда Кыргызстанда нөшөрлүү жаан-чачын жана күн күркүрөшү күтүлөт — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 22-июлда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында да жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21°, күндүз +27…+32°;
  • Талас облусунда түнкүсүн +14…+19°, күндүз +26…+31°;
  • Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23°, күндүз +27…+32°;
  • Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23°, күндүз +27…+32°;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16°, күндүз +22…+27°;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15°, күндүз +21…+26°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз 14 метрге чейин күчөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20°, күндүз +28…+30° болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +22…+24° болот.

Scroll to Top