Кыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайт

28.10.2026 | 12:53
Кыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта жарандардын айрым категорияларынын пенсиясын жогорулатуу пландалууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун КР Социалдык фонду иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, өзгөртүүлөр кошумча мамлекеттик колдоого муктаж жарандардын материалдык абалын жакшыртуу максатында даярдалган.

Атап айтканда, колдонуудагы мыйзамдар боюнча III топтогу майыптык пенсиясынын базалык бөлүгү курагы боюнча пенсиянын базалык бөлүгүнүн 50%ын түзөт. Мындан улам айрым учурларда пенсиянын өлчөмү 5 миң сомго жетпей калат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кошумча колдоо максатында, майыптык тобун эске алуу менен пенсия өлчөмдөрүн кайра карап чыгуу сунушталууда.

Мындан тышкары, өзгөртүүлөр ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган балдарга да тиешелүү болот.

Төлөмдөрдү кайра карап чыгуунун зарылдыгы — президенттин жарлыгы менен мындай балдар үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрү бекитилгендигине байланыштуу. Мыйзамга ылайык, багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиянын базалык бөлүгү тиешелүү социалдык жөлөкпулдан төмөн болбошу керек.

2027-жылдын 1-январынан тарта кандай төлөмдөрдү киргизүү сунушталууда?

Токтом долбооруна ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган:

  • I топтогу майыптыгы боюнча пенсиялар — пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 9,5 миң сомго чейин жогорулатуу.
  • III топтогу майыптыгы боюнча пенсиялар — пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 5 миң сомго чейин жогорулатуу.
  • Солдаттар жана матростор курамындагы мөөнөттүү кызматтын аскер кызматкерлерине — майыптыгы боюнча минималдуу пенсия 12 миң 300 сомду түзөт.
  • «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге — пенсияга 5 миң сом өлчөмүндө үстөк акы. Бул кошумча акы багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алгандарга да каралган.
  • Ата-энесинин биринен ажыраган балдарга — багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиянын базалык бөлүгү ар бир балага 5 миң сомдон белгиленет.
  • Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган (томолой жетим) балдарга — пенсиянын базалык бөлүгү ар бир балага 8 миң сомду түзөт.

Чернобыл АЭСинин жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердин кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга катышкандар үчүн өзүнчө компенсациялык төлөмдөр каралган.

Эгерде пенсия 12 миң 300 сомдон ашса, ай сайын берилүүчү кошумча төлөм 1 миң сомду түзөт. Ал эми пенсия бул суммадан аз болсо, компенсация жалпы төлөм 12 миң 300 сомго жете тургандай эсептелип берилет. Мында кошумча төлөмдүн көлөмү 1 миң сомдон аз болушу мүмкүн эмес.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, пенсияларды жогорулатууга жана үстөк акыларды белгилөөгө кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен жабылат. Каржылоонун керектүү көлөмү президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аныкталган.

Токтом кабыл алынса, Соцфонд пенсияларды кайра эсептеп чыгат.

Төлөмдөрдүн жаңы өлчөмдөрү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top