Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Жалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылды
12.09.2026 | 13:30

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда «Тегене» таш көмүр кени ачылды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКтан билдиришти.
Компаниянын башкы директору Рустамбек Садыралиевдин катышуусундагы ачылыш аземи 12-сентябрда өттү.
Кен Таш-Көмүр шаарынан түндүктү көздөй болжол менен 30 чакырым аралыкта жайгашкан жана эки тилкени — «Карьердик талаа» жана «Тегене-Шахталык» тилкелерин камтыйт. Кендеги көмүрдүн кору 57,077 миллион тонна деп бааланууда. Лицензиялык аянттын көлөмү 2 миң 260,56 гектарды түзөт.
Көмүр Д үлгүсүнө (узун жалындуу) кирери такталды. Анын жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү килограммына 7 миң 336 килокалорияны түзөт.
«Кыргызкөмүрдөн» бул кенди өздөштүрүү көмүр казып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өндүрүштүк инфратүзүмдү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берерин белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом