Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Бишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталды
12.09.2026 | 13:09

Бишкекте бир катар уурулуктарга шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-июлда милицияга бир жаран кайрылып, болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Киев көчөсүндөгү эс алуучу жайлардын биринде белгисиз адамдар ага таандык iPhone 13 жана Redmi телефондорун уурдап, из жашырып кетишкенин айткан.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр — 1991-жылы туулган М. К. жана 1992-жылы туулган А. А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, эки айлык мөөнөткө №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алуу чечимин чыгарды.
Милициядан шектүүлөр эки ноутбукту жана бир кол саатты өз ыктыярлары менен өткөрүп беришкенин такташты. Тергөө ошондой эле алардын ушул сыяктуу дагы башка алты уурулукка тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктады.