Кыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди

Кыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди. Алардын бири — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, долбоордун баасы 200 миллион сомду түзөт, ишкана жылына 40 миң тоннага жакын төө буурчакты кайра иштете алат. Заводдо 100 жумуш орду түзүлгөн.
Өндүрүш заманбап жабдуулар менен камсыздалган, ал эми продукциянын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө ишкананын өзүнүн лабораториясында жүргүзүлөт.
Жапаров заводдун инфратүзүмү жана даяр продукциясы менен таанышып, андан соң технологиялык жабдууларды ишке киргизди.
Президент Талас өрөөнүнүн жаратылыш шарттары айыл чарбасын өнүктүрүүгө, атап айтканда, техникалык жана дан-буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.
«Көп жылдар бою таластык дыйкандардын мээнети менен өстүрүлгөн түшүм негизинен чийки зат катары чет өлкөгө чыгарылып келген. Эми биз аны өлкө ичинде кайра иштетип, даяр продукцияга айлантуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз», — деди Жапаров.
Ошол эле учурда онлайн режимде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында дагы 60 объект ишке берилди. Алар курулуш материалдарын өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика жана башка тармактарда иш алып барат.
Мамлекет башчысынын айтымында, жылдын аягына чейин дагы 50гө жакын объектти ишке киргизүү пландалууда.
«Алардын ишке кириши жаңы ата мекендик товарлардын пайда болушуна, кошумча жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Дал ушундай өндүрүштүк чынжырча Кыргызстандын экономикасын чыңдайт», — деп билдирди президент.