Бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облусунда коронавирустан айыккан адамдар ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтмында бейтаптар ооруканадан чыгарылаар алдын, аларды дарыгерлер дагы бир сыйра тыкыр текшерүүдөн өткөрүшөт.
Каратаев коронавирустан канча адам сакайганы тууралуу толук маалымат айткан жок.