Мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип чет өлкөлүк жаран кармалдыКыргызстандык дарыгерлер үчүн Францияда стажировкаларды уюштуруу каралуудаБишкекте агросектор үчүн заманбап түштүк кореялык технологиялардын туруктуу көргөзмөсү ачылдыБир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты23-майдан тарта жол эрежесин бузуу боюнча токтомдор «Түндүк» аркылуу жөнөтүлөт21-майга карата аба ырайы
Жалал-Абадда «Кыргызпочтасынын» кызматкери жана облус тургуну кармалды
20.09.2024 | 11:49
«Кыргызпочтасы» ишканасынын Жалал-Абад облусундагы байланыш бөлүмүнүн жетекчиси акча кымырып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган ишкананын «Таштак» байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э. Сузак районунун тургуну И.С. менен сүйлөшүп алып, 10,7 млн сом акчаны кымырып, коротуп салышкан деп шектелүүдө. Бул акчалар район тургундарына пенсия, жөлөкпул жана айлык акы төлөөгө арналган каражат болгон.
Учурда ал экөө кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери жүрүүдө.