Нарында Ормон хан атындагы сейил бак оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Нарында Ормон хан атындагы сейил бак оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарындын Кочкор районундагы реконструкцияланган «Ормон хан» сейил багын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Паркты көрктөндүрүү иштери Ормон хандын 230 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн. «Ормон хан» сейил багы 13 гектар аянтты ээлеп, 1995-жылы эле ачылган.

Пландаштырылган иш-чаралардын алкагында аны реконструкциялоого республикалык бюджеттен 36 млн сомдон ашык каражат каралган. Бүгүнкү күндө паркта эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы тротуардык плитка төшөлгөн, жарыктандырылган сейилдөө аймагы курулган, сугат системасы калыбына келтирилген.

«Оркестрдин коштоосунда маданий-оюн-зоок программасы өтүп жаткан «Ормон хан» паркында президент реконструкциядан кийинки паркты көрүп чыгып, Ормон хандын 230 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралардын алкагында өлкөнүн бардык облустарынын өкүлдөрү тарабынан жасалгасы менен орнотулган боз үй шаарчасына барды. Аталган программага катышкан коноктор менен баарлашып, боз үйдөгү аксакалдар менен чогуу аламан байге ат чабышын түз эфирде көрүп отурду», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>