Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында 13—июлдан, 14- июлга караган түнү сел жүргөн.
Селдин кесепетинен 5 турак үй зыян тартып, айылдагы ички чарбалык унаа жолдор жарактан чыккан.
Мындан сырткары 50 баш койду агызып кеткен.
Сел түшкөн айылга ӨКМнын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылып, 3-күн катары менен тазалоо иш аракеттерин жүргүзүүдө.