«Дарак ыры» тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болду

08.09.2026 | 13:14
«Дарак ыры» тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болду — Новости Кыргызстана

Режиссёр Айбек Дайырбеков Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Айбек Дайырбеков буга чейин Кыргызстандын кинематографисттер союзунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле «Карек» балдар кино фондун жана республикалык балдар-жаштар кинофестивалын негиздеген.

Дайырбеков режиссёр катары «Дарак ыры», «Эрмен жыты», «Кайык», «Ай бала» сыяктуу көркөм жана анимациялык тасмаларды тарткан. Анын «Дарак ыры» тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалында жана Орусиядагы «Кино детям» фестивалында Гран-приге татыган. Ошондой эле Казакстанда телесериалдардын режиссёру болуп иштеген.

Сценарист жана продюсер катары бир катар кино долбоорлорду, анимациялык жана телевизиялык программаларды ишке ашырган. Анын эмгектери Германия, Орусия, Бразилия, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон.

Scroll to Top