Ысык-Көлдө 28 өлкөнүн катышуусунда «Көчмөн цивилизациялары» конференциясы өттү

03.09.2026 | 16:16
На Иссык-Куле прошла конференция «Кочевые цивилизации» с участием 28 стран — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 3-сентябрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунда «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Конференцияга дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ардактуу коноктор катышты.

Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин, Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевдин жана ЮНЕСКОнун камкордугу астындагы Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү Материалдык эмес маданий мурас боюнча эл аралык маалыматтык жана тармактык борбордун директору Доксун Кимдин куттуктоо сөздөрү менен башталды. Конференциянын модератору болуп КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исматова катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана цивилизациялык мурасын терең изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Көчмөн элдердин мурасын сактап калуу биздин коом жана келечек муундар үчүн өтө чоң мааниге ээ. Дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымын жакшыраак түшүнүү үчүн көчмөн элдердин тарыхын, уникалдуу тажрыйбасын жана цивилизациясын тереңирээк изилдөө зарыл», — деп белгилеп, конференция жаңы идеялардын жаралышы жана илимий диалогду чыңдоо үчүн маанилүү аянтчага айланганын кошумчалады.

Уюштуруучулардын айтымында, конференциянын негизги максаты — эл аралык илимий жана академиялык кызматташтыкты чыңдоо, көчмөн цивилизациялары тармагындагы изилдөөлөрдү кеңейтүү, ошондой эле алардын маданий мурастарын сактоо жана изилдөө боюнча заманбап ыкмаларды калыптандыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында профессорлор, ректорлор жана илимий кызматкерлердин катышуусунда эл аралык эксперттик сессия өтүп, анда алар өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын тартуулап, заманбап дүйнөдөгү көчмөн цивилизацияларынын тарыхы жана маданияты боюнча маселелерди талкуулашты. Катышуучулардын арасында Любляна университетинин (Словения) этномузыкология боюнча ардактуу профессору Сванибор Петтан жана Вермонт университетинин (АКШ) саясат таануу кафедрасынын доценти Мишель Элизабет Коммерсио бар.

Программада сегиз тематикалык секциянын ишине өзгөчө орун берилди. Секциялык жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар көчмөн маданиятынын дүйнөлүк цивилизациядагы ордун, маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу маселелерин, көчмөн коомдорунун саясий жана укуктук системаларын, археология жана антропологиядагы жаңы ачылыштарды, салттуу спорт түрлөрүн жана оюндарды, ошондой эле туруктуу өнүгүү, санариптештирүү жана маданий мурастарды сактоо темаларын талкуулашты.

Теги: ВИК
Scroll to Top