Эксклюзив

Ира апа Садыр жана Айгүл Жапаровдорду өздөрүнүн атактуу каттамасы менен кантип коноктогонун айтып берди

04.09.2026 | 12:35
Ира апа Садыр жана Айгүл Жапаровдорду өздөрүнүн атактуу каттамасы менен кантип коноктогонун айтып берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Чолок айылынын тушундагы Ира Чоткараеванын «Ира апамдын чайы» аттуу белгилүү жол боюндагы кафесине күтүүсүздөн баш бакты. Күтүлбөгөн визит тууралуу Чоткараева Reporter.kg басылмасына айтып берди.

Ира Чоткараева — Боом капчыгайы аркылуу өткөн саякатчыларга өзүнүн даамдуу каттамасы менен таанылган апа. Анын жол боюндагы кафеси көптөгөн айдоочулар жана туристтер үчүн Ысык-Көлгө баратканда сөзсүз токтоп өтүүчү жайга айланган.

Анын айтымында, күн адаттагыдай эле башталган: кафенин кызматкерлери көнүмүш тамактарды даярдап, каттама бышырып жатышкан. Бир маалда аларга мекемеге мамлекет башчысынын өкүлдөрү келе жатканын кабарлашкан.

«Эртең менен кадимкидей эле иш башталган, тамактарды даярдап, каттама бышырып жатканбыз. Бир маалда балдар келип, азыр Садыр Жапаровдун катчысы жансакчылары менен келет дешти. Биз даярдана баштасак, Садыр Жапаров өзү жубайы Айгүл менен кирип келбеспи», — деди ал.

Чоткараеванын айтымында, президенттин келиши ал үчүн күтүүсүз болгон. Ал буга чейин мамлекет башчысын сыналгыдан гана көргөндүктөн, аябай толкунданганын моюнга алды.

«Аябай шок болдум, кубанганымдан ыйлагым да келди. Аны телевизордон эле көрүп көнүп калганбыз да, анан ал өзү бизге келип жатса... Толкунданганымдан эч нерсе дей албай, болгону саламдаштым», — дейт Ира апа.

Ал Жапаров кафенин кызматкерлери менен учурашып, ал-акыбалдарын сураганын белгиледи.

«Садыр Жапаров абдан жөнөкөй адам экен, баары менен учурашып, "Кандайсыңар, иштер кандай?" деп сурады. Биздин кыздар, официанттардын баары жагымдуу шок болушту», — деп бөлүштү Чоткараева.

Анын айтымында, президент жана биринчи айым Ира апанын кафесин тааныткан даам — каттамага буюртма беришкен. Алар каймак менен төрт каттама жешкен. Тамак үчүн Садыр Жапаров жубайы менен 5 миң сом калтырып кетишкен.

Чоткараева ошондой эле Айгүл Жапарова тууралуу да жылуу пикирин билдирип, президенттик үй-бүлөнүн келиши кафенин жалпы жамаатынын эсинде калганын айтты.

«Жубайы Айгүл да абдан жагымдуу, токтоо аял экен. Бири-бирине абдан жарашышат. Биздикине чай ичкени кирип кетишкенине абдан ыраазы болдук», — деди ал.

Ира апа президентке жана анын жубайына амандык тилеп, мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүн колдой турганын кошумчалады.

Анара Мамытова

Scroll to Top