Садыр Жапаров ӨКМ башчысына катуу сөгүш жарыяладыКыргызстанда бардык аймактык аэропорттор калыбына келтирилди — андан ары эмне болот?УКМК кызматкеримин деп, 17 миң долларга алдаган: Бишкекте шектүү жаран кармалдыКыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн COP31де эл аралык программа сунуштадыПрезиденттикке талапкерлер: Садыр Жапаров кол тамгалардын саны боюнча лидерБактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди
Кыргызстан Чехия менен Испанияны талкалады: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы ордо боюнча биринчи күндүн жыйынтыктары
03.09.2026 | 11:50

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында байыркы улуттук ордо оюну боюнча турнир уланууда. Эң күчтүү деген наам үчүн дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн келген 115 спортчу ат салышууда.
Кыргызстандын курама командасы мелдештин алгачкы күнүндө толук артыкчылык көрсөтүп, эки ири жеңишке жетишти — Чехияны (66:3) жана Испанияны (94:9) утуп алды. Казакстандын командасы да Малайзияны (24:0) жана Монголияны (16:0) кургак эсеп менен жеңип, ийгиликтүү старт алды.
Мелдештин 1-күнүнүн жыйынтыктары:
- Кыргызстан — Чехия — 66:3
- Кыргызстан — Испания — 94:9
- Казакстан — Малайзия — 24:0
- Казакстан — Монголия — 16:0
- АКШ — Пакистан — 28:4
- Түркия — Монголия — 16:6
- Чехия — Хорватия — 5:5
Кырчын этношаарчасында ордо боюнча медалдар үчүн финалдык таймаштар 5-сентябрга чейин уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ВИК