31-август күнү саат 07:02 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 2,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.