Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышуу үчүн Өзбекстанга барды
16.06.2026 | 17:31

Бүгүн, 16-июнда, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Өзбекстандын борбору Ташкентке келди. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Төраганы «Хумо» эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов тосуп алды.
Бул сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана бир катар өндүрүштүк объекттерге баруу пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Адылбек Касымалиев, Өзбекстан