«Жалалабатэлектро» облустук ооруканага 3 даана кычкылтек концентратор алып берди

«Жалалабатэлектро» облустук ооруканага 3 даана кычкылтек концентратор алып берди

Бүгүн, 15-июлда «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому учурдагы кырдаалды эске алып, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына 3 даана кычкылтек концентратор алып берди.

«Бүгүнкү күндө ар бир жарандын ден-соолугуна кам көрүп жаткан медицина кызматкерлеринин эмгеги опол тоодой. Биздин компания дагы четте карап турбай, колдон келген жардамды берип жатабыз. Бүгүн дагы 3 даана кычкылтек концентраторду алып келдик. Ооруп жаткан бейтаптарга жардам болсо, биз кубанычта болобуз» – деди компаниянын башкы директору Дурусбек Рахманов.

Андан сырткары компаниянын актовый залында күндүзгү стационардык борбор 10 адамга ылайыкташтырылып даярдалды. Бул жерде компаниянын кызматкерлерине алгачкы жардамдар көрсөтүлүп, керектүү кеңештер берилет.  Оорунун алгачкы белгилери пайда болсо, же кызматкерлер арасында тамчылатма дары алууга муктаждар жаралса, ушул борбордон дарылоо жүрөт. Ошондой эле кызматкерлер үчүн дагы, бул борборго эки даана кычкылтек концентратор коюлду.

[su_image_carousel source=»media: 35052,35053,35054,35055″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>