Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү
«Мадина» базарында өрттөн аман калган кездемелер 50 сомдон сатылып, дуба үчүн таратылууда
06.09.2026 | 19:04

Борбор калаадагы соода павильондоруна олуттуу зыян келтирген «Мадина» базарындагы ири өрттөн кийин, жабыркаган ишкерлер аман калган товарларын арзыбаган баага сата башташты же таптакыр бекер таратып жатышат.
Базардын аймагында кездеменин метрин 50 сомдон беришсе, бүтүндөй түрмөктөрүн болгону 1000 сомго баалап жатышты. Ал эми көпчүлүк соодагерлер акча алуудан такыр баш тартып, кездемелерди каалагандарга акысыз эле беришти.
Сатуучулар мындай оор учурда материалдык пайда артта калганын белгилешет. Анын ордуна алар шаардыктардан бир гана нерсени — сабырдуулук жана башына түшкөн сыноону жеңип чыгуу үчүн чын жүрөктөн дуба кылып коюуну суранышты.