Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде жеңүүчү болду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдар боюнча акыркы жыйынтыгы чыкты. 30 алтын, 29 күмүш жана 13 коло медаль — жалпы 72 байге уткан Кыргызстандын курама командасы биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунга 29 алтын, 16 күмүш жана 20 коло медаль (65 байге) менен Казакстан жайгашты. Үчүнчү орунду 7 алтын, 7 күмүш жана 20 коло байге (34 медаль) топтогон Россия курамасы ээледи.
Жалпы эсептеги алдыңкы ондукка ошондой эле Монголия (3 алтын, 3 күмүш, 17 коло — 23 байге), Өзбекстан (3 алтын, 5 күмүш, 12 коло — 20 байге), Иран (4 алтын, 3 күмүш, 8 коло — 15 байге), Түркмөнстан (2 алтын, 3 күмүш, 6 коло — 11 байге), Тажикстан (2 алтын, 0 күмүш, 3 коло — 5 байге), ошондой эле бештен байгеге ээ болгон Молдова менен Кытай кирди.

Мындан тышкары, Гана, Франция, Корея, Грузия, Венгрия, Польша, Азербайжан, Беларусь, Сауд Арабиясы, АКШ, Пакистан, Канада, Болгария, Испания, Уганда, Ооганстан, Япония, Того, Латвия жана Түркиянын спортчулары да медалдарга ээ болушту — жалпысынан медалдык эсепке 30 өлкөнүн өкүлдөрү илинди.