Жантөрө Сатыбалдиев кайрадан операция болгонбу? ЖАМКнын жообу

Жантөрө Сатыбалдиев кайрадан операция болгонбу? ЖАМКнын жообу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты.

Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова бүгүн, 20-сентябрда билдиргенин «Азаттык» жазды.

Экс-премьер-министр аталган ооруканага сентябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.

Жантөрө Сатыбалдиев 2020-жылдын ноябрында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга айыпталып, жети жарым жылга камалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>