Жаңы жыл: Милиция чакырууларга убагында барбаса иштен айдалат

Жаңы жыл: Милиция чакырууларга убагында барбаса иштен айдалат

Келип түшкөн чакырууларга өз убагында барбай, жарандарга оройлонгон кызматкерлер биринчи жетекчиси менен кошо кызматтан кетет. Мындай эскертүүнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков бергенин басма сөз кызматы билдирди.

Ал, “жаңы жылдык иш-чаралар учурунда, элдин коопсуз эс алуусуна бардык тишелүү шарттар түзүлсүн. Ким гана болбосун укугу корголуп, эгерде мыйзамды бузуу аныкталса, жооп бериши керек деген принцип менен иш алып барыңыздар. Элдин ишенген тиреги, таянган адамы милиция болушу керек. Коомчулуктун кызматына чыккан ар бир кызматкер өз кызыкчылыгын эмес, элдин коопсуздугун ойлошу керек. Келип түшкөн чакырууларга өз убагында барбай, жарандарга оройлонгон кызматкерлер биринчи жетекчиси менен кошо кызматтан кетет. Бул талапты ар бир кызматкерге жеткирип коюңуздар. Майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук-саясий кырдаал туруктуу сакталып, чек-ара, улуттар аралык чыр-чатактарга жол берилбесин. Биринчи жетекчилер жеке өзүңүздөр коопсуздук маселесин колго алып, бардык уюштуруу жана элди сервистик тейлөө иштерин көзөмөлдөп, иш алып барыңыздар” – деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын алдына жалпы 10 нускамалык тапшырмаларды койду.

1) Жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда массалык бейбаштыктарга, жол эрежесин одоно бузууларга, элдин тынчын алган окуяларга жол берилбесин;
2) Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жайларда күнү-түнү кайгуул иштери жүргүзүлүп, жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде сервистик тейлөө көрсөтүлсүн;

3) Жол кырсыктарын алдын алуу, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын болтурбоо үчүн автобекеттерде, жүргүнчүлөрдү ташуучу түйүндөрдө жарандар менен айдоочуларга пропагандалык иштер жүргүзүлсүн;

4) Нөөмөт бөлүктөрү, кайгуул кызматтары, ыкчам-тергөө топтору, жетекчиликтен жооптуулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып окуяларга, кылмыштарга жеринде бөгөт коюу чаралары көрүлсүн;

5) Убактылуу кармоочу жайлар, маанилүү жана өтө маанилүү объекттер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынсын;

6) Электрондук документ жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн “Алгоритм” жана “Жобо” иштелип чыксын;

7) Ведомствонун ичиндеги маалыматтарды жүгүртүүгө атайын корголгон электрондук почталар түзүлүп, ишке киргизилсин;
8) Электрондук документ жүргүзүү боюнча техникалык каражаттар менен камсыздоо үчүн керектөөлөрдүн тизмеси түзүлүп, сунуштар берилсин;

9) Буга чейинки аппараттык кеңешмелерде айтылган, дагы бир жолу кайталап өтөм — ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги, жасаган жумуштары жана элди тейлөө ишмердиги жылдын жыйынтыгында коллегияда каралат. Иштей албаган жетекчилер кызматтан бошотулат, муну ачык айтып коёюн. Ошондуктан, берилген тапшырмаларды так аткарыңыздар;

10) Кызматтык тартипти бузган, өз милдетин аткарбаган, милициянын баркына доо кетирип, коомчулук алдында уят кылган кызматкерлер жооптуу жетекчилери менен кошо катуу жазага тартылат. Бул талапты кызматкерлердин ар биринин эсине салып, жеткириңиздер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>