«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев УТРКнын подкастында өзүнүн орун басарларынын, анын ичинде мурдагыларынын кармалышы боюнча комментарий берип, борбор калаа мэриясынын кадр саясатына карата айтылган сындарга жооп берди.
Анын шаар башчысы болуп иштеген мезгилинде беш орун басары (мурдагыларын кошкондо) кармалган. Сөз төмөнкү аткаминерлер жөнүндө болуп жатат:
- Азамат Кадыров — камакта, кылмыш иши тергелүүдө;
- Талайбек Байгазиев — кылмыш иши тергөө стадиясында;
- Максат Сазыкулов — кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши кыскартылган;
- Жамалбек Ырсалиев — сот тарабынан акталган;
- Азат Узаков — сот тарабынан акталган.
Жунушалиевдин айтымында, анын дарегине айтылган айыптоолор негизсиз, анткени кармалган аткаминерлердин айрымдары ал кызматка келгенге чейин эле мэрияда иштеп жатышкан.
Буга мисал катары ал шаардын мурдагы жетекчилигинин тушунда эле орун басарлык кызматтарды аркалаган Максат Сазыкулов менен Жамалбек Ырсалиевди келтирди. Мэр ошондой эле кийинчерээк Жогорку сот тарабынан алардын иштери боюнча актоо өкүмдөрү чыкканын эске салды.
Жунушалиев бул адамдарды кызматка өзү дайындабаганын белгилеп, тааныштарын, туугандарын же классташтарын кызматка тартты деген айыптоолорду четке какты.
Мындан тышкары, калаа башчысы мамлекеттик кызматкерлерге карата президент Садыр Жапаровдун талабын эске салды.
«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа», — деп ал мамлекет башчысынын сөзүн цитата кылды.