Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Мотоцикл айдоо үчүн A жана A1 категорияларын кантип алууга болот
28.09.2026 | 11:31

Мотоцикл башкарууга укук берүүчү A жана A1 категорияларын алуу эрежелери жаранда айдоочулук күбөлүктүн бар же жок экендигине жараша жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор билдирип, категорияларды кантип алууга болорун түшүндүрдү.
Айдоочулук күбөлүгү бар жарандар A/A1 категориясын алууда практикалык экзамен гана тапшырышат. Бул сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- айдоочулук күбөлүк;
- паспорт;
- №083 формасындагы медициналык маалымкат.
Ал эми айдоочулук күбөлүгү жок жарандар мамлекеттик автомектепте 2 ай окуп, андан кийин квалификациялык экзамен тапшырышат. Автомектепти аяктагандан кийин сынакка кирүү үчүн төмөнкү документтер берилет:
- автомектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- паспорт;
- №083 формасындагы медициналык маалымкат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: айдоочулук күбөлүк, мотоцикл