Кыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталууда

29.09.2026 | 17:55
Кыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда мыйзамдарга «санариптик далилдер» түшүнүгүн киргизүү, аларды алуу жана сактоо эрежелерин белгилөө, ошондой эле кылмыш иштери боюнча виртуалдык активдерге камак салууга уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңешинин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети экинчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Негизги жаңылыктардын бири — мыйзамдарда «санариптик далилдер» деген өзүнчө түшүнүктүн пайда болушу. Укук бузууга байланыштуу же иштин жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого мүмкүндүк берген санариптик маалыматтар далил катары таанылышы мүмкүн. Аларды көчүрүүдө маалыматтардын бүтүндүгү жана түп нускага дал келүүсү камсыздалышы керек. Ал эми сактоодо аларды өзгөртүүдөн, жок кылуудан жана уруксатсыз кирүүдөн коргоо каралат.

Өзгөртүүлөр виртуалдык активдерге да тиешелүү. Эгер алар кылмыштуу жол менен алынган же кылмыштан түшкөн киреше деп эсептөөгө жетиштүү негиз болсо, тергөө виртуалдык активдерге камак сала алат. Мындан тышкары, мамлекеттин кирешесине өткөрүлгөн виртуалдык активдерди башкаруунун, бөгөттөөнүн, алып коюунун жана сатуунун өзүнчө тартибин белгилөө сунушталууда.

Мыйзам долбоору санариптик технологияларды жана интернетти колдонуу менен жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликке байланыштуу нормаларды да кеңейтет. Атап айтканда, санариптик системаларга жана маалыматтарга мыйзамсыз кирүү, кат алышуунун купуялуулугун бузуу жана башка киберкылмыштар боюнча беренелерди жаңылоо сунушталууда.

Дагы бир жаңылык баалуу кагаздар рыногуна байланыштуу. Кылмыш-жаза кодексине рынокту манипуляциялоо үчүн өзүнчө берене киргизүү сунушталууда. Анда баага, суроо-талапка же соода көлөмүнө таасир эткен атайылап жалган маалыматтарды таратуу, ошондой эле соода активдүүлүгү тууралуу жалган түшүнүк жараткан бүтүмдөр жөнүндө сөз болот. Мындай аракеттер үчүн кесепеттерине жараша айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталууда.

Түзөтүүлөрдүн дагы бир бөлүгү санариптик далилдерди эл аралык алмашууну жөнгө салат. Алар жоголуп кетүү же жок кылынуу коркунучу жаралган учурда башка мамлекеттердин компетенттүү органдары менен ыкчам кызматташуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле расмий укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап түшкөнгө чейин санариптик маалыматтарды 90 күнгө чейин убактылуу сактоого болот.

Эгер мыйзам кабыл алынса, ал расмий жарыялангандан алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул убакыт аралыгында министрлер кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жаңы нормаларга ылайык келтириши керек.

Scroll to Top