РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
КР Мамлекеттик салык кызматы компанияларга кызматкерлердин сервистерге кирүүсүн өз алдынча жөндөөгө шарт түздү
01.10.2026 | 14:54

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы «Салык төлөөчүнүн кабинетине» компания жетекчилерине кызматкерлердин кирүү мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча башкарууга жол ачкан жаңы функцияны киргизди.
Бул жаңылык юридикалык жактарга жетекчинин жеке электрондук кол тамгасын (ЭЦП) бухгалтерлерге, менеджерлерге жана башка кызматкерлерге карматып коюу адатынан арылууга мүмкүндүк берери такталды.
Анын ордуна жетекчи зарыл болгон ыйгарым укуктарды түздөн-түз «Салык төлөөчүнүн кабинетинен» бөлүштүрө алат.
Тактап айтканда, кызматкерге айрым гана бөлүмдөргө — мисалы, ЭТТН (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз), Е-отчеттор же салык карызын текшерүү кызматына кирүү укугун берүүгө болот. Ошол эле учурда компаниянын калган коммерциялык маалыматтары ал кызматкер үчүн жеткиликсиз (жабык) бойдон калат.
Башкы бухгалтер, логист, юрист сыяктуу башка адистерди системага алардын жеке ИННи аркылуу кошууга болот.
Мындан тышкары, жетекчи берилген кирүү укуктарын каалаган убакта кайтарып ала алат. Мындай мүмкүнчүлүк, атап айтканда, кызматкер жумуштан бошогондо же башка кызматка которулганда колдонуу үчүн каралган.
Жаңы функция тууралуу кеңири маалымат жана кызматкерлердин ролун башкаруу боюнча нускама «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом