Жапаров Пакистандын президентине суу ташкындоого байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Пакистандын президентине суу ташкындоого байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Пакистандын президенти Ариф Алвиге Пакистандагы суу ташкындоо кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары Пакистан Ислам Республикасынын бардык аймактарына адам өлүмүнө алып келип, чоң материалдык зыян алып келгендиги тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун бир туугандарына жана  жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Биз азыркы оор мезгилде орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пакистандын түштүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу сел жүргөн.  120дан ашуун адамдын өмүрүн алган. Бирок каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп эскертет бийлик. Белужистан провинциясы эң көп жабыркаган. Ал жерде миңдеген үйлөр талкаланган. Суу жолдорду, көпүрөлөрдү жууп кеткен. Айрым аймактар ​​толугу менен тосулган. Тургундарды эвакуациялоо үчүн тик учактар ​​колдонулган. Адамдар убактылуу чатырларга жайгаштырылды.  Жабыркагандарга аскер кызматкерлери жардам беришти. Алар чатырларга көчүрүлүп, тамак-аш менен камсыз болгон. Суу көптөгөн үйлөрдү талкалады.

Тэги: \ Паксистан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>