Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору
Президенттик шайлоонун күнүн аныктоо маселеси 24-сентябрга жылдырылды
14.09.2026 | 10:56

Жогорку Кеңеш ушул аптада Кыргызстандын президентин шайлоону дайындоо маселесин карабайт. Ал 24-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
«Бул аптада бизде президенттик шайлоону дайындоо боюнча маселе каралбайт, 24-сентябрга жылдырышты», — деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин депутат эгер ЖКнын тармактык комитети маселени 15-сентябрда караса, токтом долбоору 17-сентябрда эле парламенттин кароосуна чыгарылышы мүмкүн экенин билдирген болчу.
«Негизи, ЖК президенттик шайлоону шайлоого чейин 100 күн калганда, бирок 90 күндөн кечиктирбестен жарыялашы керек. Бизде 10 күн бар», — деп түшүндүргөн Бекешев.