Президент Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Бүгүн, 11-сентябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Талас облусуна жасаган иш сапарында Талас шаары үчүн заманбап 30 электробустун ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустар менен бирге аларды кубаттоочу станциялар алынып келинген. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн «Талас автобекети» мекемесинин аймагында атайын жайлар даярдалган.

Учурда Талас шаарынын ичинде жана чектеш айылдарга жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн каттамдардын схемалары менен кыймыл графиктери иштелип чыгууда.
“Жаңы электробустардын ишке кириши коомдук транспорттун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, калкты транспорт менен тейлөөнү жакшыртат жана жүргүнчүлөр үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт”,- деп айтылат маалыматта.