Жапаровдун орун басарлары аймактарды кыдырат. Жолугушуулардын графиги

29.07.2024 | 16:45

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрөт. Топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер коштоп жүрөт.

Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарынга Адылбек Касымалиев, Баткенге Эдил Байсалов барат.

Баткен

Лейлек району жана Сүлүктүү шаарында 1-августка белгиленген жолугушуу, саат 10:00дө Раззаков шаарындагы Маданият үйүнө болот.

Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августа, саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт.

Кадамжай районундагы жолугушуу 2-августа Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүнө, саат 10:00гө коюлду.

Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 2-августа, саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залына келсеңиздер болот.

Талас

Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондору боюнча жолугушуу 1-августта 10:00дө Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтөт.

Айтматов жана Манас райондору боюнча жолугушуу 1-августта 15:00дө Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында болот.

Ош облусу

Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуу Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө, 5-августа саат 10:00гө коюлду.

Алай районундагы жолугушуу 5-августа, саат 15:00дө Маданият үйүндө.

Кара-Кулжа районундагы эл менен болгон жолугушуу 6-августа Р.Абдыкадыров атындагы Маданият үйүндө саат 10:00дө өтөт.

Өзгөн районунун тургундары 6-августа, саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залына келесиздер.

Ноокат району дагы 7-августа, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 10:00гө белгиленди.

Араван районундагы жолугушуу 7-августка белгиленди, өтө турган дареги райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, саат 15:00дө.

Кара-Суу районундагы жолугушуу 8-августа, саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драмалык театрында өтөт.

Нарын

Кочкор районундагы жолугушуу 5-августта Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө 10:00дө өтөт.

Жумгал району боюнча жолугушуу 5-августта Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатрында 15:00дө башталат.

Нарын шаары жана Нарын району боюнча жолугушуу 6-августта Нарын шаарындагы облустук драма театрында 10:00дө башталат.

Ат-Башы району боюнча жолугушуу 6-августта 15:00дө “Чатыр-Көл” кинотеатрында болот.

Ак-Талаа району боюнча жолугушуу 7-августта 10:00дө Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө өтөт.

Тогуз-Торо району боюнча жолугушуу 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.

Ысык-Көл

Балыкчы шаары боюнча жолугушуу 9-августта 10:00дө Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында өтөт.

Ысык-Көл району боюнча жолугушуу 9-августта 15:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында болот.

Түп району боюнча жолугушуу 12-августта Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө башталат.

Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча жолугушуу 12-августта 15:00дө Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында өтөт.

Жети-Өгүз району боюнча жолугушуу 13-августта Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында 10:00дө болот.

Тоң району боюнча жолугушуу 13-августта 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Жалал-Абад

Токтогул районундагы жолугушуу 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат.

Кара-Көл шаарындагы жолугушуу 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот.

Таш-Көмүр шаарындагы жолугушуу 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт.

Аксы району боюнча жолугушуу 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат.

Чаткал районундагы жолугушуу 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө өткөрүлөт.

Ала-Бука районундагы жолугушуу 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат.

Майлуу-Суу шаарындагы жолугушуу 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00гө белгиленди.

Ноокен районундагы жолугушуу 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Базар-Коргон районундагы жолугушуу 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө өтөт.

Сузак районундагы жолугушуу 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Жалал-Абад шаарындагы жолугушуу 17-августта облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.

Чүй

Кемин району боюнча жолугушуу 19-августта 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө болот.

Токмок шаары, Чүй району боюнча жолугушуу 19-августта 15:00дө Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында өтөт.

Ысык-Ата району боюнча жолугушуу 20-августта 10:00дө Кант шаардык маданият үйүндө болот.

Аламүдүн району боюнча жолугушуу 20-августта 15:00дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Сокулук району боюнча жолугушуу 21-августта 10:00дө Шопоков шаардык маданият үйүндө өтөт.

Москва району боюнча жолугушуу 21-августта 15:00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Жайыл району, Кара-Балта шаары боюнча жолугушуу 22-августта 10:00дө Кара-Балта шаардык маданият үйүндө өтөт.

Панфилов району боюнча жолугушуу 22-августта 15:00дө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Бишкек шаары боюнча жолугушуу 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.

Scroll to Top