Кыргызстанда Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы Казарман ГЭСтер каскадынын курулушуна капсула салуу боюнча расмий аземге катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан зор гидроэнергетикалык потенциалга ээ жана бул ресурстар өлкө экономикасы үчүн иштеши керек болгон өнүгүүнүн жаңы баскычынын алдында турат.

Ал белгилегендей, республикада жыл сайын кошумча электр энергиясын талап кылган жүздөгөн өнөр жай ишканалары ачылууда.
Келечекте электр энергиясына болгон муктаждык дагы өсөт, андыктан гидроэнергетика менен катар эле күн жана шамал энергиясын өндүрүүнү (генерацияны) өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады президент.

Жапаров Казарман ГЭСтер каскады эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болорун баса белгиледи.
«Бүгүн биз Кыргызстандын энергетикалык келечегин аныктай турган стратегиялык долбоордун пайдубалын түптөп жатабыз. Каскад ишке берилгенден кийин ал өлкөнүн энергетикалык потенциалын бир топ бекемдеп, келечек муундардын туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна кызмат кылат», — деди президент.
Ошондой эле Жапаров долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышып жаткан Түркиянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Президент өлкөдө чакан жана орто ГЭСтердин, күн жана шамал электр станцияларынын, ошондой эле стратегиялык объект саналган — Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу уланып жатканын эске салды.

Анын айтымында, учурда «Сары-Таш» жана «Капчыгай» чакан ГЭСтеринин, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 145 МВт түзгөн Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат.
Мамлекет башчысы акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциялары курулганын, дагы 50дөйү курулуш стадиясында экенин билдирди. Ошол эле учурда күн жана шамал электр станцияларын куруу долбоорлору да ишке ашырылууда.

Жапаров электр энергиясына болгон суроо-талап жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө караганда ылдам өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, эгерде 2020-жылы кышкысын Кыргызстан 3 млрд кВт·саатка жакын электр энергиясын импорттосо, азыр бул көрсөткүч 4 млрд кВт·саатка жетти. Бул жаңы өнөр жай ишканаларынын жана социалдык объекттердин ишке берилиши менен байланыштуу.
Президент Казарман ГЭСтер каскадынын курулушун 2031-жылга чейин аяктоо пландалып жатканын маалымдады. Объект ишке берилгенден кийин, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу аяктаганда, Кыргызстан ички муктаждыктарын толук камсыздап, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айлана алат.

Жумушчу сапардын аягында мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашты.
Reporter.kg’нин маалыматы: Долбоор жалпы кубаттуулугу 912 МВт түзгөн үч гидроэлектр станциясын — «Ала-Буга», «Кара-Булуң-1» жана «Кара-Булуң-2» ГЭСтерин курууну карайт. Электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү 3,75 млрд кВт·сааттан ашат. Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 3 млрд АКШ долларына бааланууда. Долбоор «Орто Азия Инвестмент Холдинг» ААКсы менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда.